“Айчүрөк” соода борбору курчоого алынды  

Автор

Бүгүн, 19-октябрда  Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына “Айчүрөк” соода оюн-зоок борборунун имаратына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда соода борборунан кызматкерлер жана жарандар эвакуацияланып, имарат курчоого алынды. Тиешелүү кызматтар зарыл чараларды көрүшүүдө.

Буга чейин  Жогорку соттун, Ленин жана Октябрь райондук сотторунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имаратына, “Азия Молл” соода жана оюн-зоок комплексине жардыруучу заттар коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Британиянын премьер-министри Израилге келди

Британиянын премьер-министри Риши Сунак бейшемби күнү эртең менен Израилге келгенин Рейтер агенттиги билдирди. Анын сапары мурунку түнү белгилүү болду. Британиянын премьер-министри Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Израилдин президенти Исаак Герцог менен жолугушууну пландаштырууда. Сапар эки күнгө созулат.  Британ өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Сунак аймактагы башка өлкөлөрдө да болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн