Азия кубогунун жарым финалчылары белгилүү болду

Автор

Катарда футбол боюнча Азия кубогунун оюндары уланып, анда мелдештин башкы наамы үчүн күрөшүн уланта турган 4 команда аныкталды.
Азиянын эң титулдуу командасы Япония азыркы мелдештин чейрек финалынан өтө алган жок. Азия кубогунун төрт жолку жеңүүчүлөрү Ирандын өкүлдөрүнө 1:2 эсебинде утулуп, жарым финалга чыгышты.
Ал эми 1/4 финалдык беттеште Өзбекстандан келген коңшуларыбыз турнирдин кожоюндары жана учурдагы жеңүүчүсү Катар курама командасына пенальтилер сериясында утулуп калышты.
Беттештин негизги жана кошумча таймдары 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, пенальтилер сериясында Тинтин Маркестин шакирттерине ийгилик келди – 3:2.
Ошентип, Азиянын мыкты сегиздигинин беттештеринин жыйынтыгын чыгарсак, жарым финалда Катар – Иран (7-февраль) жана Түштүк Корея – Иордания (6-февраль) беттешет. Бир күн мурда чейрек финалда Түштүк Корея Австралиядан жеңишти тартып алса, Иордания Тажикстандын каршылыгын талкалады.
Азия кубогунун финалдык беттеши 10-февралга белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

6-февралга карата аба ырайы

Эртең, 6-февралда Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10; Таласта түнкүсүн-3…-8, күндүз 3…8; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4; Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8 Бишкек шаарында түнкүсүн -2…-4°, күндүз 7…9 градус […]

Сизге жагышы мүмкүн