Автобустарда, таксилерде музыка коюуга тыюу салынды

Автор

Украинада автобустарда жана таксилерде музыканы күйгүзүүгө тыюу салынды.
Өлкө өкмөтү “Жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту боюнча кызмат көрсөтүүнүн эрежелерине” өзгөртүүлөрдү киргизди. Мындан ары автобустун айдоочулары техникалык каражаттардын жардамы менен ызы-чуу салган жүргүнчүлөрдү салонго киргизбөөгө укуктуу.
Автобустарда музыка жана видео тартууга да тыюу салынган. Бул салондо кулакчындар болсо же жүргүнчүлөрдүн макулдугу менен пландан тышкары каттамдарда жол берилет.
Бул тыюулар таксилерге да тиешелүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июлга белгиленди

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2023-жылдын 9-июлунда өтөт. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүүнү уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды. Бул шайлоо Өзбекстандын Конституциясына мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин көбөйтүүнү караган өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки биринчи шайлоо болмокчу. Конституциялык мыйзамга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган Шавкат Мирзиёев президенттик […]

Сизге жагышы мүмкүн