Казакстандын Абай районундагы өрттөн каза болгон 15 адамдын үй-бүлөсүнө Семейдеги Карагайлы кичи районундагы батирлердин ачкычтары тапшырылды.
Облус акими Нурлан Уранхаев каза болгон Саят Нуржигитов менен Амангелди Дүйсембаевдин үй-бүлөсүнө эки жана үч бөлмөлүү батирлердин ачкычын тапшырды.
«Бүгүн биз тапшырып жаткан жаңы квартиралар бардык керектүү эмеректер жана тиричилик техникалары менен жабдылган. Мындан ары дагы кошумча жардам көрсөтөбүз», – деп баса белгиледи Уранхаев.
Өкмөт буга чейин маалымдагандай, Абай районундагы өрттөн каза болгондордун ар бир үй-бүлөсүнө 7 миллион теңгеден (15,6 миң доллар) жана ар бирине кошумча 2 миллион теңгеден (4,4 миң доллар) төлөнөт.
Президентке караштуу маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи түзүлдү
Жум Июн 16 , 2023
Президентке караштуу маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи түзүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент “№ 99 Кесиптик лицейи мекемесине өзгөчө статус берүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер дүйнө жүзү боюнча ар кандай товарларды жана кызматтарды өндүрүү менен алектенген компанияларда абдан популярдуу. Ошондуктан […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/20211015-obrazovanie-v-it.jpg)