Өмүрбек Текебаев, элчи: “Күчүбүз Адахан Мадумаровго эле жетеби?”

Автор

Баткендеги төрт көчө боюнча Адахан Мадумаров кол койду делген протоколго Өмүрбек Текебаев макул эмес экендигин билдирди. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбегени үчүн апрель төңкөрүшүнөн кийин парламент колдобой койгонун айтты. “Ар кандай саясий чечимдер болот. Анын этаптары болот. Эгер ал туура эмес деп эсептелинсе, парламент же, президент кабыл албай коёт. Ошону менен ал тарых жабылышы керек. Эл аралык өнөктөштөргө чечимдин жокко чыккандыгына байланыштуу кабар жөнөтүлүшү керек”,- деп билдирди саясатчы. “Адахан Мадумаровду мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева күнөөлөгөн эмес. Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаров күнөөлөп жатат. Бирок, кол койду делген протокол жокко чыкты деп Тажикстанга билдириле элек. Эмомали Рахмонго расмий түрдө айтып коюшубуз керек да. Эмне, күчүбүз Мадумаровго эле жетеби?” – деди Өмүрбек Текебаев.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылар алгачкылары сапарга аттанышты

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз ажыларынын алгачкы тобу Меккеге сапар тартышты. Ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп барса, ден соолуктарына 20 дарыгер көз салат. Ажылардын акыркы тобу 21-июнда кетишет. Быйылкы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6 миң орун бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түздү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн