Өмүрбек Суваналиев, генерал майор: “Саясий тиреш ошол тойдо апогейине жетти”

Автор

“Парламентте спикердин милдетин убактылуу аткарган Мирлан Бакиров Раимбек Матраимовдун партиясы болгон “Мекеним Кыргызстандын төрагасы эле. Шайлоо бүткөндөн кийин ал 3 жыл Мамлекеттик Мүлк Фондусунун жетекчиси болуп отурду. Андан сырткары, Мадина базарынын ээси Турсунтай Салимовдун баласы кармалды. Ал “Мекеним Кыргызстан” партиясынан парламенттик шайлоодо Камчы Көлбаевдин квотасы менен ат салышкан деп айтып жатышат. Анда, бүгүнкү парламенттеги депутаттардын “Мекеним Кыргызстан” аркылуу ат салышкандарын карап чыгыш керек”,- деди генерал Өмүрбек Субаналиев биртууган Матраимовдор боюнча ой пикирин билдирип жатып.
“Негизи, бул чыр чатактын башы Ахматбек Келдибековдун баласынын тоюнан башталды деп жатышат баардыгы. Анткени, саясий тиреш ошол тойдо апогейине жетти деген пикирлер бар. Ошондо Азаттык радиосу да айткан, тойдон кийин Камчы Көлбаевди, Ахматбек Келдибековду, Раимбек Матраимовду УКМК чакырып, көпкө чейин кармаган деп. Мына ошондон кийин ушундай күрөш башталып жатат”,- деди ал Азаттыктын “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сөз сүйлөп жатып.

Бөлүшүү:
Next Post

Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты: "Матраимовдордун түзмө - түз кишиси болгон Дайырбек Орунбеков Акүйдө иштеп жатат"

“Коомдогу ишеним жөнүндө сөз кылсак, маселен, сиз Дайырбек Орунбеков боюнча айтып жатпайсызбы. Ал деле Матраимовдун ишеничтүү кишиси да. Мен кесиптештериме болушкандык эмес, бирок, эмне үчүн депутаттарды кетирип, Матраимовдордун түзмө түз кишиси болгон Дайырбек Орунбеков Акүйдө иштеп жатат? Коомдун ишеними ошондон кетет да. Тең салмактуу, адилеттүү көз караш болушу керек”,- деп […]

Сизге жагышы мүмкүн