ӨКМ: Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 24-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

 

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 207-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 70-86-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Кырсык катталган учурда “112” бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт

Бөлүшүү:
Next Post

Бир адамдын айлык чыгымы 7501 сом

2023-жылдын биринчи кварталы боюнча бир кишиге керектелүүчү орточо каражат 7501 сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматта жашоо минимуму эмгекке жарамдуу адамдар үчүн 8363 сом, пенсия курактагыларга 6650 сом ал эми жаш балдар үчүн 6514 сом деп эсептелген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн