ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрөт

Автор

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, 11-июнда күндүн экинчи жарымында жана 12-13-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМ жарандарга селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Кыргызстандык спортчулардын чыгуу графиги

Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда үстүбүздөгү жылдын 26-июлунан 17-августуна чейин өтөт. Аталган оюндарга Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышат. Кыргызстандык спортчулардын Олимпиада оюндарында чыгуу графиги: 27-июль Сууда сүзүү: Денис Петрашов, 100 метрге брасс сүзүү 01:15 — жарым финал 28-июль Дзюдо 66 кг чейин – Кубанычбек Айбек уулу 14:00 — 1/32 финал […]

Сизге жагышы мүмкүн