reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0929 % % 0.62
EURO 21,5964 % % 0.9
GRAM ALTIN 1.255,90 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.053,39 % % 0,48
BITCOIN 27.569,68 % 1.154
Соңку кабар
reklam
Google News

ӨКМ аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты

Son Güncelleme :

10 апреля 2023 - 10:37

reklam
ӨКМ аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты
reklam

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты. Мекеменин  маалыматына ылайык, бүгүн, 10-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

reklam