Казакстандын өкмөтү VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы башталаар алдында отставкага кетти. Тиешелүү президенттин жарлыгына кол коюлуп, Акорда сайтына жарыяланды.
Буга чейин премьер-министр Алихан Смаилов министрлер кабинети отставкага кетүүгө камданып жатканын билдирген. Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөттүн бардык мүчөлөрү өз милдеттерин аткарышат.
«Жаңы премьер-министр ким болору президент менен парламенттин иши. Албетте, биз ар кандай бурулушка даярбыз»,-деди Смаилов.
Шамил Ибрагимов билим берүү министрине кеңешчи болду
Шар Мар 29 , 2023
«Сорос-Кыргызстан» фондунун мурдагы аткаруучу директору Шамил Ибрагимов билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Шамил Ибрагимов 2023-жылдын 1-январында «Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору кызматынан кеткен. Ал 2012-жылдан бери фондду жетектеген. Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/03/503cbb74379d3a2e36c9bd875087caab.jpg)