reklam
reklam
hava 28° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 27,2522 % % 0.16
EURO 28,9118 % % 0.22
GRAM ALTIN 1.676,01 % % -0,02
ÇEYREK A. 2.740,27 % % -0,02
BITCOIN 719.707 % 0.549
Соңку кабар
reklam
Google News

Өзгөндө жер көчтү түштү

Son Güncelleme :

23 марта 2023 - 9:20

reklam
Өзгөндө жер көчтү түштү
reklam

Кечээ Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жер көчкү аталган тилкедеги 18 турак үйгө коркунуч жаратып, үйлөргө 300 м аралык калган.

«Жер көчкү 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. Буга чейин да 2022-жылдын 5-сентябрында КР ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги сунушталган. Учурда айыл өкмөт тарабынан турак үйлөрдүн тургундарын коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазариповдун жетекчилигинде Ош облустук башкармалыгынын башчысы, Мониторинг департаментинин орун басары, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы иш алып барууда.

reklam