reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Эртең  Энелер күнү белгиленет

Son Güncelleme :

20 мая 2023 - 10:17

reklam
Эртең  Энелер күнү белгиленет
reklam

2012-жылдан тарта  белгиленип келе жаткан Энелер күнү  быйыл 21-майга туш келди. Ар бир жылдын май айынын үчүнчү жекшембисинде республика аймагында «Энелер күнү» белгиленет. Кыска мөөнөткө карабай  бул майрам өзүнүн салтына ээ болууга жетишти. Бул күн алдында бала бакчаларда балдар өз кол чеберчиликтери менен открыткаларды жана белектерди, майрамдык концерттерди даярдашат.  Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Телевиденияда бул майрамга арналган  көрсөтүүлөр чыгат.

2022-жылдын 1-январына карата республикада 3 миллион 398 миң аял же жалпы калктын 50,4% түзгөн. Ошол эле учурда, шаардагы калктуу конуштарда 1 миллион 250 миң аял (алардын жалпы санынын болжол менен 37%), айыл жеринде — 2 миллион 149 миң (63% дан ашык) жашаган.

Эненин ыйык таза, тилеги,

Эненин балдарым дейт, жүрөгү.

Энелер, аба сымал эң керектүү,

Энени,  барктап- баалап жүрөлү!

Энелер, жашообуздун маңызы

Энелер, досуң, эжең, баарысы.

Энелер, бар болушсун бактыбызга,

Энелер, бүт оорунун, даарысы.

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН, АСЫЛ ЗАТ,  ЭНЕЛЕР!

 

 

 

 

reklam