Эрдоган: БУУ, 21-кылымда сенден эмне пайда?

Автор

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Газа тилкесиндеги жаңжалда аракетсиздиги үчүн сынга алды. Анын айтымында, “БУУ мындан ары өз элин коргой албайт”.
Түрк лидери “Адилеттик жана өнүгүү партиясынын” парламенттеги жыйынында сүйлөп жатып «Газада адамзат гана эмес, БУУ да жанын кыйды»,-деди.
«БУУну бүт адамзат түз эфирде көрүп жаткан геноцидди токтото албаган»,-деп сындаган саясатчы уюмдун болушунун максатка ылайыктуулугу тууралуу суроону көтөрүп “БУУ, 21-кылымда сенден эмне пайда?”-деди.
Мындан тышкары, Эрдоган дагы бир жолу Израилдин Газада жасаган кылмыштары үчүн жазаланышын талап кылды.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ош-Стамбул” авиа каттамыны эмнеге жабылып калды?

“Ош-Стамбул” авиа каттамынын жабылып калганына кызыккан Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков аны тезинен калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 30-майда парламенттин жалпы жыйында билдирди. Депутат “Ал каттам менен Өзбекстандын жарандары да учушат эле. Дүнүйөнүн булуң бурчунан Стамбул аркылуу Ошко түз учуу жарандарыбыз үчүн кыйла ыңгайлуу болчу. Бул долбоорду […]

Сизге жагышы мүмкүн