Эмне үчүн Роналду карьерасын аяктабайт? Жооп табылды

Автор

Румыниянын курама командасынын мурдагы чабуулчусу Адриана Муту 39 жаштагы португалиялык Криштиану Роналду эмне үчүн спорттон кетпей жатканын түшүндүрдү.
“Криштиану анын уулу менен ойногусу келет, ошондуктан ал “Аль-Насрда” болушу мүмкүн”, – деди Адриан.
Сауд Арабия чемпионатында өткөн сезондо Криштиану эң мыкты бомбардир болгон. Португалиялык футболчу 31 матчта 35 гол (сегизи пенальтиден) жана 11 пас берген.
Белгилей кетсек, быйыл кенже Криштиану Роналду 14 жашка толду. Буга чейин “Аль-Насрдын” курамында 13 жашка чейинкилер категориясында Сауд Арабиянын чемпиону болгон.
Ошол эле учурда ата-бала 2023-жылдан бери “Аль-Наср” клубунда ойноп келишет. Роналдунун клуб менен келишими 2025-жылга чейин түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанада автобустун айдоочусунун бетине калемпир чачты

Астананын тургуну маршруттук автобустун айдоочусуна калемпир баллонун чачып жиберди деп билдирди. Окуя күндүзү Ш. Калдаяков көчөсүндө болгон. Kia унаасынын айдоочусу аялдамага жетип калган автобустун жолун торогон. Машинадан чыгып, автобустун айдоочусуна жакын келип, калемпир баллонун чачып жиберген. Андан кийин качып кеткен. Полиция 37 жаштагы кишини кармап, унаасын коммуналдык токтоочу жайга жайгаштырды. […]

Сизге жагышы мүмкүн