reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

«Эмгек резерви» борборунун менчиктештирилген жерлери кайтарылат

Son Güncelleme :

29 июня 2023 - 10:19

reklam
«Эмгек резерви» борборунун менчиктештирилген жерлери кайтарылат
reklam

«Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигине караштуу “Эмгек резерви” республикалык дене-тарбия жана спорт борборунун абалы мышык ыйлагыдай абалда»‘- деп билдирди  Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов. Ал «Эмгек Резерви» борборун сактап калуу максатында билим берүү жана илим министрлигинен, Финансы министрлигинен, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен, Бишкек шаардык мэриясынан, Свердлов администрациялык районунан, Свердлов райондук прокуротурасынан, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан, “Кадастр” ММ Бишкек филиалынан, Свердлов районунун архитектурасынан өкүлдөрдү топтоп, жеринде жыйын курду. Аталган борбор 1976-жылы курулган. Учурда айрым жерлери менчиктештирилип, айрым жерлери ижарага берилип кеткен. Бирок, бир тыйын да кассага түшкөн эмес. Жолугушуунун жыйынтыгында, оңдоп-түзөө иштерине алгач, 10 млн сом каражат бөлүнмөй болду. Укук коргоо органдарына «бир сотых жери да сатылбасын. Менчиктештирилип кеткен жерлери кайтарылсын, көзөмөлүңөргө алгыла, кийин керт башыңар менен жооп бересиңер»,-деди депутат.

reklam