“Эмаком” курулушка кардарлары нааразы

Автор

Оштогу “Эмаком” Курулуш компаниясына нааразы болгон кардарлар акчасын кайра кайтарып ала албай жатканы айтылууда. Өзгөн районунун тургуну Шааркан Дадашова “ал жок үй экен, керек болсо, салына турган үйдүн чеги да жок экен. Биз жок эле нерсеге акча төгүп жүрүппүз. Мен 1 млн сом төктүм эле, эми алалбай жатам”,-деп билдирди. Ал эми компания дүйнөлүк кризисттен улам иш создуктурулуп жатканын айтат. “Эмаком” компаниясынын аткаруучу директору Эрланбек Жусупов болсо, “акчаны бербей коюп же, алдап кетүү деген жок, сөзсүз акчаларын кайтарып беребиз”,-деп ишендирүүдө.

“Эмаком” курулуш компаниясы  Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жусуповго таандык экендиги айтылып келет. Ал “Ишеним” партиясынан шайланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Канттын баасы көтөрүлдү

Ак канттын баасы 2011-жылдан берки эң жогорку чекке көтөрүлдү. 11-апрелде биржада баа тоннасына 705,5 долларга жеткен. Bloomberg белгилегендей, Индиядан кант экспортунун кыскарышы, ошондой эле башка өлкөлөрдөн, анын ичинде Таиланддан жана Пакистандан ташып келүүнүн азайышы баанын көтөрүлүшүнө себеп болгон. Мындан тышкары Бразилияда бензиндин кымбатташынан улам кантты эл аралык жеткирүү азайып баратат. […]

Сизге жагышы мүмкүн