reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0993 % % 0.65
EURO 21,6126 % % 0.93
GRAM ALTIN 1.256,92 % % 0,56
ÇEYREK A. 2.055,06 % % 0,56
BITCOIN 27.650,00 % 0.219
Соңку кабар
reklam
Google News

Экс-президенттин жээни президенттикке талапкерлигин койду

Son Güncelleme :

06 апреля 2023 - 11:32

reklam
Экс-президенттин жээни президенттикке талапкерлигин койду
reklam

Кенже Кеннеди 2024-жылы Демократиялык партия катары президенттикке ат салышуу үчүн Федералдык шайлоо комиссиясына арыз тапшырды.  Арызды  5-апрелде анын шайлоо штабынын казыначысы Жон Э.Салливан тастыктады.  69 жаштагы Жон Кеннеди  Нью-Йорктун мурдагы сенатору, АКШнын башкы прокурору Роберт Кеннединин уулу жана 1963-жылы киши колдуу болгон АКШнын президенти Жон Кеннединин жээни.
CNN билдиргендей, кенже Кеннеди  вакциналарга  каршы.  «Ал вакциналар менен аутизмдин байланышы боюнча маалыматтарды  жайылтып, балдардын ден соолугун коргоо уюмун негиздеген. Ошондой федералдык өкмөттүн пандемияга каршы мамилесин сынга алган. Жаратылыш ресурстарын коргоо кеңешинде иштеп, экология боюнча юридикалык компанияны негиздеген.

reklam