Экономика министринин 4 орун басары кызматынан бошотулду

Автор

Экономика жана коммерция министринин орун басарлары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Канатбек Абдрахманов, Кубанычбек Закенаев (санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары), Чыңгыз Макешов жана Назарбек Малаев кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракеси өтөт

Эртең, 21-ноябрда саат 16-00дө Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаированын 80 жылдык мааракеси өтөт. Ал 1943-жылы 1-майда Кара-Суу районунун Коңур-Жаз айылында туулган. 1993-жылы ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2007-жылы мамлекеттик «Даңк» медалы, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы ыйгарылган. Белгилүү акын Жолон Мамытовдун байбичеси […]

Сизге жагышы мүмкүн