reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1634 % % 0.15
EURO 28,9690 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.681,17 % % 0,40
ÇEYREK A. 2.748,72 % % 0,40
BITCOIN 725.759 % 0.011
Соңку кабар
reklam
Google News

Эки жумада 1-класска 47 миң 491 бала кабыл алынды

Son Güncelleme :

25 апреля 2023 - 14:29

reklam
Эки жумада 1-класска 47 миң 491 бала кабыл алынды
reklam

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык системасы аркылуу ушул жылдын 10-апрелинен 23-апрелине чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 47 миң 491 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 701 бала жеңилдик менен кабыл алынды.

 

Бишкек шаарында – 4 миң 819 бала (анын ичинен 226 бала жеңилдик менен) кабыл алынды.

Жалал-Абад облусунда – 9 миң 144 бала (анын 79у жеңилдик менен)

Чүй облусунда – 6 миң 316 бала (анын 90у жеңилдик менен)

Ош облусунда – 9 миң 336 бала (анын 83ү жеңилдик менен)

Ысык-Көл облусунда – 5 миң 144 бала (анын 28и жеңилдик менен)

Баткен облусунда – 5 миң 952 бала (анын 82си жеңилдик менен)

Талас облусунда – 2 миң 736 бала (анын 48и жеңилдик менен)

Нарын облусунда – 3 миң 181 бала (анын 30у жеңилдик менен)

Ош шаарында – 863 бала (анын 35и жеңилдик менен)

 

Башкача айтканда, катталган жери боюнча мектептин биринчи классына электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүн колдонушту:

 

Бишкек шаарында балдардын ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү – 23%,

Ысык-Көл облусунда – 35%,

Баткен облусунда – 35%,

Талас облусунда – 37%,

Чүй облусунда – 21%,

Жалал-Абад облусунда – 25%,

Нарын облусунда – 41%,

Ош облусунда – 23%,

Ош шаарынын – 8%.

 

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 10-апрелинен тарта баланы мамлекеттик же муниципалдык мектептин 1-классына ата-энесинин юридикалык катталган дареги боюнча, 26-июндан баштап дарегине карабай каалаган мектепте бош орундар болсо катталууга болот.

reklam