Эдил Байсалов Муфтияттын имараты тууралуу үн катты

Автор

Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов өлкөдөн качып кеткен экс-бажычы Раимбек Матраимовдун каражатына курулган Муфтияттын имараты боюнча комментарий берди.

“Мен азирети муфтийге айткамын, Раимбек Матраимовду баатыр кылып, динге жолотпош керек деп. Ал муфтияттын жаңы имаратын куруп жаткан жок, аны президент курдурду. Анткени, ал элдин акчасын уурдаган болчу. Ал эми президент болсо, Раимден элдин акчасын кустурду”,- деди. “Мен ушинтип айткандан кийин азирети муфтий жеткизсек керек да, мага ошондон баштап, парламенттен чабуул башталган”,- дейт.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов парламентти цирк деп атап, депутаттардын каарына калган. Кийин кечирим сурап, кемчилигин моюндаган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Арзан көмүр саткан кампалар уюштурулду

Жалал-Абад облусунда көмүрдүн баасын туруктуу кармап туруу максатында  5 миң сомдон саткан 33 кампа уюштурулду. Учурда Ош шаарында көмүрдүн баасы туруксуз болуп, 7-10 миң сомдун арасында сатылууда. Ал эми Баткенде 12 сомго чейин чыкса, Нарында, Ысык-Көлдө жана Таласта 5-7 миң сомго чейин кармалып турат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн