reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды

Son Güncelleme :

20 ноября 2023 - 15:00

reklam
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды
reklam

Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Мындай чечим президенттин «Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле балык чарбачылыгында запасты сактап калуу жана аны көбөйтүү максатында кабыл алынды.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментине жана  Ички иштер министрлигине аталган көлдөрдө мыйзамсыз балык кармоону алдын алуу боюнча иштерге көмөктөшүү тапшырмасы берилди.

reklam