Ысык-Көлдө ШКУнун “Run the Silk Road” эл аралык марафону старт алды

Автор

Бүгүн, 13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ат майданында ШКУнун “Run the Silk Road” эл аралык марафону старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл марафонунун салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин катышты.
Спорттук иш-чаранын алкагында марафон (42 км 195 м), жарым марафон (21 км 97 м), 10 км, 3 км аралыктарында жана скандинавиялык басуу боюнча жарыштар өтүүдө. Жалпы байге фонду 1 млн 534 миң сомду түзөт.

42 км
1-орун — 200 миң сом;
2-орун — 140 миң сом;
3-орун — 100 миң сом;
4-орун — 70 миң сом;
5-орун — 50 миң сом;
6-орун — 20 миң сом.

21 км
1-орун — 70 миң сом;
2-орун — 50 миң сом;
3-орун — 30 миң сом;
4-орун — 20 миң сом;
5-орун — 10 миң сом;
6-орун — 7 миң сом.

Эске салсак, аталган марафон ШКУнун эгидасы алдында 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл 4-жолу өтүп жаткан иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн 3 миң катышуучу катталган. Анын ичинде Казакстан, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандан келген алдыңкы спортчулар да бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент пара алып, кармалгандар боюнча пикирин билдирди

“Теңгиз Бөлтүрүк мамлекеттен алгандарынын баарын кусуп, андан кийин түрмөдөн чыкты. Мына, баш прокурор отурат, алар “төлөп чык болбосо, түрмөдө чирийсиң” деп төлөткөндөн кийин гана бошотушту”. Мындай маалыматты президент талапкерлер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. “Мына, мурдагы билим берүү министри пара алып колго түштү эле аны да кустуруп,чыгарып койдук. Эми эч […]

Сизге жагышы мүмкүн