

Алай районунун мурдагы акими Ильяз Ташкулов Сокулук районуна акими болуп дайындалды. Аны райондун активи менен Чүй облусунун губернаторунун 1-орун басары Самат Исманов тааныштырды. Жаңы аким президентке ыраазычылыгын билдирип, Сокулук элинен колдоо күтүп жатканын билдирди. Ысык-Ата районуна 29-июнь 2022-жылы Алайдын дагы бир мурдагы акими Алмаз Осмон дайындалган эле.