reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

Ырдоонун ден соолукка пайдалары

Son Güncelleme :

20 ноября 2023 - 11:45

reklam
Ырдоонун ден соолукка пайдалары
reklam

Ырдоонун ден соолукка кандай таасирлери бар? Адистердин кеңешин кулак төшөйлү:

Ырдоо денебизге жашоо күчүбүздү арттырган «туура» термелүүлөрдү билдирет.

Ырдап жатканда адамдын мээсинде тынчтыкты жана кубанычты сезүүгө жардам берген атайын химиялык заттар өндүрүлөт;

Ырдоо тамактагы кан айланууну жакшыртат, ал алкымдагы үн түйүндөрүнө, түтүкчөлөргө жана көптөгөн лимфа түйүндөрүнө жакшы таасирин тийгизет жана ошондуктан жергиликтүү иммунитетти бир топ жогорулатат (башкача айтканда, суук тийбейт);

Ырдаганда кан менен камсыз кылууну жакшыртуу мээнин активдүүлүгүн жогорулатат: ал интенсивдүү иштей баштайт, эс тутуму жакшырат, ар кандай маалымат оңой кабыл алынат;

Ырдоо өпкө ооруларына абдан пайдалуу, анткени дем алуу көнүгүүлөрү иштейт, көкүрөк клеткасынын өнүгүшүнө, туура дем алууга көмөктөшөт жана өпкөнүн курч ооруларынын санын бир топ азайтат;

Дайыма ырдаганда организмде иммуноглобулин менен гидрокортизондун деңгээли жогорулайт, бул жакшы иммунитеттин белгиси;

Ыккычты ырдоо аркылуу дарылоочу жана дикцияны жакшыртууга жардам берген методдор иштелип чыккан;

Ырдоо жада калса семирүү менен күрөшүүдө да колдонулат: кээде ашыкча салмактуу адамдар ачка болгондо, тамак жегендин ордуна эки-үч ырды ырдашат.

Ырдоо баштын аймагын кан менен камсыз кылууну жакшыртат жана жалпысынан денени жашартып, теринин абалын жакшыртат.

Ошондуктан адистер ырдоону машыгууга теңеп, күнүнө жок дегенде 5 мүнөт ырдоону сунушташат.

Которгон Аттокур Жапанов

reklam