Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 4-май парламенттин жалпы жыйынында Ош окуясынан кийин “Кыргыз-Өзбек” ынтымагы үчүн негизделген “Ынтымак” телеканалынын кризиске кептелгенин билдирди.
Анын айтымында, 2 айдан бери жетекчиси дайындала элек, айлык маяналар берилбей жатат. Кандайдыр бир жол менен жабуу аракети жүрүп жатат деп билдирди эл өкүлү.