reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

ШКУ өлкөлөрүнүн спорттук бирикмесин түзүү сунушталды

Son Güncelleme :

22 марта 2023 - 15:36

reklam
ШКУ өлкөлөрүнүн спорттук бирикмесин түзүү сунушталды
reklam

Батыш спортту басымдын куралы катары пайдаланып жатат. Бул тууралуу  Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон жолугушуусунда  айтты.

Путин  Эл аралык олимпиадалык кыймылдын ашыкча саясатташып кеткендигин белгилеп, спорт тармагындагы өлкөлөрдүн өз ара аракетин күчөтүүнү сунуштады.

«Учурда өтүп жаткан Дене тарбия жана спорт жылдарынын алкагында 100дөн ашык иш-чаралар өткөрүлдү, эки тараптуу спорттук байланыштар азыркы татаал шарттарда, олимпиадалык кыймыл барган сайын саясатташып баратканда өзгөчө мааниге ээ болууда. Ал эми Батыш өлкөлөрү спортту кысымдын куралы катары жөнсүз максаттарга колдонууга аракет кылып жатышат», — деди Владимир Путин .

Мындай шартта Россия менен Кытайдын ортосундагы спорттук байланыштар өзгөчө мааниге ээ. Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында спорттук бирикме түзүү зарыл.

Владимир Путин кытайлык спортчуларды 2024-жылы өтө турган «Келечек оюндарына» катышууга чакырып, Кытайды да ушундай мелдештерди өткөрүүнү сунуштады.

reklam