Шаардык кеңешинин депутаттары пара алууга шектелип кармалды

Автор

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

31-майда Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С.С. жана шаардык кеңешинин депутаты С.Н.А. 25 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка караганда, кармлагандар ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам деп коркутуу жолу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 000 сом талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

8-июнда күндүн табы 40 градуска көтөрүлөт

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 8-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +35…+40,   Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,   […]

Сизге жагышы мүмкүн