Чүй прокуратурасы кыйноолорго каршы текшерүү жүргүздү

Автор

Чүй областынын прокуратура органдары тарабынан кылмыштуулукту алдын алуу жана аны тыюу үчүн жарандардын эркиндигин чектөөчү жана эркиндигинен ажыратуучу жайларда, укук коргоо органдары жана аткаруу бийлик органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан адам укугунун сакталышынын абалы, системалуу түрдө капысынан текшерүүлөр жүргүзүлүлүп келет. Бул тууралуу ведомстводон билдирди

Маалыматка ылайык , жашы жете электерди көнүктүрүү жана реабилитациялоо борборлорунда, психоневрологиялык мекемелерде, психикалык жактан ооругандарды мажбурлап дарылоо үчүн адистештирилген мекемелерде, кары-картаңдар, жашы жете электер жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес медико-социалдык мекемелерде (кары-картаңдар үчүн үйлөр, балдар үйлөрү ж.б.), тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мекемелерде, ИИБнүн нөөмөт бөлүмдөрүндө, административдик укук бузуулар үчүн кармалган адамдар үчүн камераларда, ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларында жана тергөө изоляторлорунда жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, аталган мекемелерде жайгаштырылган жана кармалган кишилер жана өспүрүмдөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Мындан тышкары ыкчам кызмат өкүлдөрүнүн, тергөөчүлөрдүн жана башка ички иштер органдарынын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү кыдырылып текшерилүүдө.

Текшерүү учурунда кармалгандардын өздүк иши, арыз даттанууларды каттоо китеби, жеткирилген адамдарды каттоо журналдар жана башкалар окулуп текшерилүүдө.

2022-жылдын 12 айында прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 407  капысынан текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Булардын ичинен кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Чүй областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте 5  капысынан текшерүүлөр жүргүзүлгөн.

Облустун прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлгөн күтүүсүз текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон эмес.

Аталган мезгилде прокуратура органдарына ички иштер органдарынын кызматкерлери уруп кыйноолорду колдонгон жана башка адамгерчиликсиз фактылар боюнча 19 арыз-даттануулар келип түшүп алардын кароосунун жыйынтыгы менен 18 арыз боюнча Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 27-бер. 1-б. 2-п. негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган, калган 1 арыз боюнча Сокулук районунун прокуратурасынын АМС КБР МКЖна катталып, тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, текшерүүлөр жүргүзүлүлүп, анын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын КЖПКнин негизинде процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ошондой эле областтык прокуратура органдары тарабынан жарандар арасында кыйноого каршы күрөшүү жөнүндө маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, андан сырткары ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелердин жана жазалардын түрлөрүнүн болтурбоо боюнча дайыма профилактикалык иштер жүргүзүлүлүп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Гаитиде жамгыр 42 адамдын өмүрүн алды

Гаитиде нөшөрлөп жааган жамгыр 42 адамдын өмүрүн алды. Өткөн дем алыш күндөрү 13 миң адам эвакуацияланган. 1,2 миңден ашык үйдү жарым-жартылай суу каптаган. Нөшөрлөп жааган жамгырдан 42 адам каза болуп, 85 адам жаракат алган. Дагы 10 жаран дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн