Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Автор

Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сыйлыктар 11 номинация боюнча ыйгарылат. Анда адабият, журналистика, музыка, көркөм искусство, архитектура, театр, кино, илим жана жаңы технологиялар, экономика, бизнес, спорт жаатындагы мыкты эмгектерге баа берилет.
Сынакка катышуучулардын жаш курагы 35 жашка чейин болуусу керек. Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат.
Тиешелүү документтерди министрлик 10-авгусуна чейин кабыл алары белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

26-майга карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-майга караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында […]

Сизге жагышы мүмкүн