reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Чукул билдирүү! Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Son Güncelleme :

25 марта 2023 - 11:34

reklam
Чукул билдирүү! Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар
reklam

Тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 25-марттан 27-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси:

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу);

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу);

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында, (Сөөк ашуусу), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу).

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине байланышуу зарыл. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.

reklam