“Конституция сүйүү жөнүндө китеп эмес. Ал биздин жашообузга багыт берет. Бирок, биздикилер өздөрүнө жакпаса, оозун жабышат экен. Мамлекеттин атрибуттарын алмаштырууга болбойт. Ар ким өздөрүнө жараша ыңгайлаштыра беришет экен”,- деп билдирди Конституциялык Соттун мурдагы төрагасы Чолпон Баекова.
Ал академик Абдыганы Эркебаевге кайрылып, “мугалим, коомдук ишмер жана такшалган саясатчы катары парламенттегилерге сабак берсеңиз”,- деди.
Учурда мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаевдин 70-жаш юбилейинин алкагында жаңы китептеринин бет ачаары өтүп жатат.
Осмонакун Ибраимов: “Өзбек мекендештерибизди өзүбүзгө тарталы”
Ише Дек 9 , 2023
“Биздин өзбек жарандар Кыргызстандын өнүгүшүнө зор эмгек кылышты. Аларга көкүрөк ачып, ынтымакта жашашыбыз керек”,- деди академик Осмонакун Ибраимов адабиятчы жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин китептеринин бет ачар жыйынында сөз сүйлөп жатып. “Абылабек Асанканов менен Абдыганы Эркебаевдин 2010-жылдагы “Кыргыз-Өзбек” жаңжалын изилдеген жакшы китеби жарык көрдү. Коомчулукта жаңжалды өзбек мекендештерибиз чыгарды деген […]