reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат

Son Güncelleme :

22 марта 2023 - 15:54

reklam
Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат
reklam

Бүгүн, 22-мартка карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирге абалдын туруктуу болушуна багытталган чараларды көрүүдө.

“Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү тажик тараптын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды тынымсыз өткөрүүдө. Анткен менен, акыркы убакытта жергиликтүү калк арасында такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК Чек ара кызматы жарандарды ар кандай айың кептерге жана ызы-чууга ишенбөөгө чакырат. Кандайдыр бир суроо жарала турган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрыла алат.

reklam