Чек арага базар курулат

Чек арага базар курулат

13-мартта Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында Андархон аталышында базардын пайдубалы түптөлдү. Базар Өзбекстандын эсебинен курулат. Ал үчүн өзбек тарап 8 миллион доллар бөлөт.
Андархон 5 гектар аянтка курулуп, 200 дүкөн, банк бөлүмү, ресторан жана кафе, мейманкана, логистикалык борбор жайгашат. Эки өлкөнүн ишканаларында өндүрүлгөн продукциялар сатылып, эки ортодо сооданын өсүшүнө шарт түзүлөт.

Бөлүшүү: