reklam
reklam
hava 22° Orta/Rüzgârlı
DOLAR 23,3743 % % 0.5
EURO 25,4507 % % 1.95
GRAM ALTIN 1.480,17 % % 2,01
ÇEYREK A. 2.420,08 % % 2,01
BITCOIN 626.238 % 0.62
Соңку кабар
reklam
Google News

Хабибулло Абдукадыр боюнча «Озодлик» изилдөө жарыялады

Son Güncelleme :

28 апреля 2023 - 10:07

reklam
Хабибулло Абдукадыр боюнча «Озодлик» изилдөө жарыялады
reklam

«Азаттык» радиосунун өзбек кызматы Кыргызстанда чуу болгон теги кытайлык уйгур бирок, кийинчерээк Казакстан жарандыгын алган Хабибулло Абдукадыр боюнча кеңири иликтөөсүн жарыялап, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жана Түркия мамлекетине чейин узаган бизнес империясын, Өзбек президенти Шавкат Мирзияевдин тилин кантип тапканын, өлкөлөр арасындагы логистикалык борборлорду курууда кимдерди колдонгондугун ачыктап, анын бизнес империясынын кызматкери болгон Раимбек Матраимов жөнүндө да кеп козгогон. Изилдөөнүн негизги бөлүгүн белгилүү кыргыз журналисти Али Токтакуновдун материалдары түзөт. «Азаттык» радиосунун Өзбек кызматы Өзбекстандагы «Абу Сахи» базарынын тагдырына да кеңири токтолгон. Изилдөөдө Хабибулло Абдукадырдын кыргыз президенттери менен коюн-колтук алышкан мамилеси да жарыяланып, «адатта көмүскөдө жүргөн Хабибулло Абдукадыр кандай жол менен “Кыргыз-Өзбек” президенттеринин көңүлүн табат»,- деп собол таштаган.

reklam