Франциянын адистери Украинанын жоокерлерин окутат

Автор

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Франциядан келген инструкторлорго украин армиясынын жоокерлери менен иштөөгө уруксат берди. Башкы командачы Киевдин башка өнөктөштөрүнө Парижден үлгү алып, бул долбоорго кошулууга чакырды.
Анын айтымында, Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну Украинанын куралдуу күчтөрүнө аскердик жана экономикалык чөйрөдө олуттуу жардам көрсөтүүдө.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Испаниянын премьер-министри Педро Санчес биргелешкен коопсуздук келишимине кол коюшкан. Документтин алкагында Украина жаңы курал-жарактарды, ошондой эле “Леопард” танктары менен “Патриот” ракеталарын алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ысык суу качан берилери айтылды

Борбор калаада ысык суу 1-июндан тарта бериле баштайт.Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармагы” мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, пландык оңдоо иштери мурдагыдай 40 күн эмес, бир айда бүткөрүлгөн. Ишкана ысык суу берилгенден кийин тууралоого бир аз убакытты талап кылаарын белгиледи. Эскерте кетсек, суу 22-апрелде өчүрүлгөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн