reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.198,99 % 1.907
Соңку кабар
reklam
Google News

Улуттук банктын алтын корунун баасы кымбаттады

Son Güncelleme :

26 апреля 2023 - 15:14

reklam
Улуттук банктын алтын корунун баасы кымбаттады
reklam

Улуттук банктын алтын корунун баасы март айында 3 миллиард 167,3 миллион сомго жогорулады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылууда.

Маалыматка ылайык, марттын башында — 83 миллиард 783,1 миллион сом, апрелдин башында — 86 миллиард 950,4 миллион болду.

Сумма эмнеден улам жогорулаганы тууралуу айтылган эмес.

2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору рекорддук көрсөткүчкө жетип, 99 миллиард сомду түзгөн. Ал эми сентябрда 29 миллиард сомго чейин түшкөн.

Кийинчерээк башкы банк 2021-жылдын башында 20 тоннага жакын алтын сатканын кабарлады.  Андан соң көлөмү өйдө-ылдый болуп турду, бирок негизинен өсүү байкалды.

 

reklam