Украина 2023-жылдын аягына чейин Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) дагы 1 миллиард долларга жакын акча алууну күтүүдө. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Олег Устенко «Рада» телеканалында билдирди.
“Программанын жалпы көлөмү 15 миллиард доллардан бир аз ашты. Жалпы программа 4 жылга эсептелген, биринчи жыл 5 миллиард долларга эсептелген. Биз каражаттын бир бөлүгүн программа ишке киргенде эле алганбыз. Эми жылдын акырына чейин биз дагы 1 миллиард долларга жакын акча ала алабыз», – деди Устенко.
Ал 2023-жылы Украинанын мамлекеттик бюджетинин тартыштыгы дээрлик 40 миллиард долларды түзгөнүн эске салды. Алардын 18 миллиарддан ашыгын Евробиримдик, 10 миллиарддайын АКШ жана 5 миллиардга жакынын ЭВФ каржылайт.
Бүгүнкү доллардын курсу
Дүй Июл 3 , 2023
Бүгүн, 3-июлга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.2 сом болсо, сатуу 88.0 сом чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 20 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/06/821672892579_l-2-1-1024x578.jpg)