

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр түштүк фронтто украин армиясы Благодатное жана Макаровка айылдарын бошоткондугун билдирди.
«Чабуул жүргүзүлүп жаткан Бахмут багытында биздин аскерлер чабуул коюу операцияларын улантууда. Берковский суу сактагычынын аймагында ийгиликтер бар. Түштүктө 300 метрден 1500 метрге чейин эки багытта жылыш бар»,-деди ал.