УКМК Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдаган жаранды кармады

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде В.Р.Г. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган адам Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип келген. Ошондой эле Көлбаевге таандык болгон ири объектилердин курулушуна катышкан.
Алар: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.
Учурда УКМК тарабынан К. Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Былтыр 4-октябрда кримчөйрөсүндөгү таасирдүү киши Камчы Көлбаевди кармоого багытталган атайын операция жүргүзүлүп, кылмыштуу топ каршылык көрсөтүп, курал колдонгон. Натыйжада Көлбаев жок кылынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Январь айы тууралуу кызыктуу фактылар

Январь айы – эң аз никеге турган учур болуп эсептелет. Бардык аземдердин 5% дан азы ушул айда өтөт. Январь – планетанын Түндүк жарым шарында жылдын эң суук айы (мында январь кыштын экинчи айы), ал эми Түштүк жарым шардын көпчүлүк бөлүгүндө жылдын эң жылуу айы. Январь айынын латынча аталышы славян – […]

Сизге жагышы мүмкүн