УКМК: Баасы 1 млрд сомдон ашык жер аянты мамлекетке кайтарылды

Автор

Бишкекте баасы 1 млрд сомдон кымбат болгон 2,5 гектар жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкеси орто мектепти долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген. Андан соң, жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери менен алдын ала макулдашуудан кийин 2011-жылы аукцион аркылуу 340 миң АКШ долларына жеке менчикке алынган.
Бирок ал участоктун ошол кездеги базар баасы 2 миллион долларды түзгөн. Мындан тышкары, жер тилкесинин баштапкы багыты социалдык мааниге ээ экендиги аныкталып, ал соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу үчүн өзгөртүлгөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин ээси аталган участокту мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен акысыз өткөрүп берди.
Учурда ушул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Килиан Мбаппе Мадрид шаарынан 11 млн долларга үй алды

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Испаниянын борборунан дагы бир үйгө ээ болду. Бул жолу ал “Реалдын” мурдагы оюнчусу Гарет Бэйлдин үйүн 11 миллион еврого сатып алды. Соодалашуунун жыйынтыгында Килиан Мбаппенин өкүлдөрү баштапкы бааны 13 миллион евродон 11ге чейин төмөндөтүүгө жетишти. Белгилей кетсек, экс-Реалдын футбол жылдызынын үйү 2022-жылдын бери саттыкта турган. Мбаппенин […]

Сизге жагышы мүмкүн