УКМК акыркы чекитти койду

Автор

Раимбек Матраимовдун өлкөгө алынып келиниши менен төңкөрүш жасоону кыялдангандардын деми сууп, оту өчтүбү?
Айрым соцтармактарда бийликке нааразы күчтөрдүн альянсы түзүлүп, төңкөрүшкө катуу даярдык көрүп жатышкандары айтылган. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын 10-январында АКШда бозгунда жүргөн Тилекмат Күрөңовго жана ишкер Имамидин Ташовго УКМК издөө жарыялаган.
Кечээ биртууган Матраимовдор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенден кийин коомчулук, УКМК нын аракетине баа берип, “бийликти зордоп басып алууну көздөгөндөргө акыркы чекитти койду”,- деп билдиришүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Турсунбай Бакир уулу Ош округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов, Бекмурза Эргешов, Бекболот Арзибаев, Турсунбай Бакир уулуна арыз түштү. Ош бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүү 28-апрелде өтөт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн