reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери аяктады

Son Güncelleme :

01 августа 2023 - 10:59

reklam
Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери аяктады
reklam

Төө-Ашуудагы туннелге асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Болжол менен 2-август күнү кечки саат 16:00дөн кийин чектөө алынат, азырынча мурдагы графикти кармап турабыз. Буга чейин айтылган 6-августка жеткирбей жол толугу менен ачылат. Эртең дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат», — деп жазды Текебаев.

Белгилей кетсек, туннелге асфалть төшөө иштери 26- июлда башталган. Министрлик 10-августка чейин асфалть төшөө иши болоорун, ал аралыкта 10 саатка унаа кыймылына чектөө киргизиле турганын маалымдаган.

reklam