Түрк киносунун султаны Түркан Шорай Бишкекке келет

Автор

Кино жана султан деген түшүнүктөр чогуу колдонулганда бир гана ысым эске түшөт:  Түрк киносунун султаны Түркан Шорай. Жүздөгөн тасмаларда роль жараткан (эң көп тасмада роль жараткан актриса деген наамы бар), ойногон ар бир каарманды эң мыкты чагылдырган Түркан Шорай, кинодо актриса болуу менен гана чектелбестен, режиссёрлук кесипти да аркалап келет.

Бүгүн, 17-ноябрда Түркиянын атактуу актрисасы бизге Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасы аркалуу белгилүү болгон Түркан Шорай Бишкекке келет

 Туркан Шорайдын жашоосу

Түркан Шорайдын 1945-жылы 28-июнда Стамбулда  мамлекеттик кызматкердин үй -бүлөсүндө туулган. Атасы Халит Шорай темир жол кызматкери болгондуктан башталгыч мектептерди тынымсыз алмаштырчу. Билимин Рами Таш мектебинде баштап, Ферикөй башталгыч мектебинде бүтүргөн. Башталгыч мектепти аяктаганга чейин апасы Мелиха Шорай менен атасы Халит Шорай ажырашып кетишкен. Кичинекей Түркан апасы менен жашай баштайт.

Түркандын жашоосу 15 жашында кошуна кызы Эмел менен өзү башкы ролду ойногон “Айылдагы бир кызды сүйдүм” тасмасына тартылуусу менен башталат

Биринчи тасмасынан кийин популярдуулугу артып, биринин артынан бири сунуштар түшкөн. Жашоосунда бурулуш болгон тасма “Ажы Хаят” болгон. “Ажы Хаят” тасмасындагы ийгиликтүү ролу ага биринчи “Алтын апельсин” сыйлыгын алган. 1964-жылы биринчи жолу өткөрүлгөн 1-Анталья кинофестивалында эң мыкты актриса сыйлыгын алган. Сыйлык менен ал кинолордун алмаштыргыс актеру деген наамын бекемдейт.

Жашоосундагы бурулуштардын бири жана аны султандыкка алып барган адам жубайы Ручан Адлы болгон. Шорай менен Адлы 1962-жылы тартылган тасмада таанышкан. Алардын ортосундагы жаш айырма 23 жаш. Атасынын мээриминен ажырап чоңойгон Шорай бул мээримди 20 жыл чогуу өткөргөн Адлыдан табат.

Түрк киносунун султаны болууга жардам берген окуя мындайча баяндалат: Рүчхан Адлы түркан Шорайга жөнөткөн гүлдөрүндө  «Султаным» деген жазууларын калтырбайт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бул маалымат басма сөзгө чыгып, гезит-журналдарда жаңылыкка айланат. Аялына “султан” кайрылуусу менен кинонун жана анын күйөрмандарынын султаны боло баштайт.

Кинематографисттер мезгилинин режиссёрлору Халит Рефиг, Атыф Йылмаз жана Осман Седен менен көп иштешет.

Түркиялык режиссёр Атил Йылмыз “Selvi Boylum Al Yazmalim” (“Кызыл жоолук”) деген фильм тартып, 1980-жылы экранга чыгарат. Бул анын жашоосундагы бурулуш учур болуп саналат. Ал эки тасмада тең “Эң мыкты актриса” сыйлыгын алган.

1983-жылы Рүчан Адлы менен ажырашып, театр сүрөтчүсү Джихан Үнал менен баш кошкон. Ал 1984-жылы Жамгыр аттуу кыздуу болгон.

 

 

Бөлүшүү:
Next Post

Троллейбус каттамдары кайрадан токтотулат

17-ноябрда Бишкек шаарында саат 16:00до жолдор жабылып, бардык троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мындай чаралар КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясын өткөрүүгө байланыштуу. «Жолдордун ачылышы жана жабылышы тууралуу алдын ала маалымат беребиз»,-деп жазылат маалыматта. Бишкек шаардык мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн