reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.280.949 % -0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

ТүркПАнын башкы кеңсесине кыргыз боз үйү тигилди

Son Güncelleme :

17 мая 2023 - 9:25

reklam
ТүркПАнын башкы кеңсесине кыргыз боз үйү тигилди
reklam

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев  Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Баку шаарындагы башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Жогорку Кеңеш тарабынан белек кылынып, башкы кеңсенин аймагына тигилген кыргыз боз үйүнүн ачылышына катышты.

Боордош мамлекеттердин парламенттеринин башын кошкон Ассамблеянын кеңсесине кыргыз боз үйүнүн тигилиши жакшы саамалык экенин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Ак өргөбүз бабалардан калган баалуу мурасыбыз. Андыктан бул жерден кыргыздын кылым карыткан тарыхы менен тааныштырылып, келгендерге бай маданиятыбыз тууралуу маалыматтар берилет деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар тигилген боз үй боордоштуктун жана ынтымактын ордосу болсун деген тилегин билдирди. Андан соң Төраганын катышуусунда дарактардын көчөттөрүн олтургузуу аземи өттү.

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр менен баарлашып, ассамблеянын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алды.

Белгилей кетсек, ТүркПА 2008-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Түркия Республикасынын парламенттеринин төрагалары кол койгон келишимдин негизинде, Түркиянын Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында түзүлгөн. Ал эми 2009-жылдын 29-сентябрында Ассамблеянын регламенти, катчылыгынын жобосу кабыл алынып, башкы кеңсеси Баку шаарына жайгаштырылган.

reklam