Түркия Израилдин премьер-министрин эл аралык сотко берди

Автор

Түркия Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга каршы доо арыз менен кайрылды. Анкара аны Газадагы геноцид үчүн айыптады.
Түркиядагы бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын юристи Метин Күлүнктүн билдирүүсүнө таянган маалыматка караганда Нетаньяхуга каршы доо Түркиянын Юстиция министрлиги аркылуу берилген. Күлүнк менен бирге доо арызга дагы эки адвокат кол коюшкан.
“Бүгүн биз Түркия Республикасынын жарандарынын атынан чыгып, Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна 21-кылымдын Гитлери – Израилдин премьер-министри Нетаньяхуга каршы доо арыз менен кайрылдык, ал Газа тилкесиндеги геноцид жана адамзатка каршы бардык кылмыштар үчүн соттолушу керек»,-деди Метин Кулунк.
Сот прокуратурасы премьер-министрге жана башка кылмышкерлерге каршы кылмыш ишин баштоо үчүн Нетаньяхунун Палестина элине каршы кылмыштары боюнча далилдерди чогултушу керек. Ошол эле маалда түрк юристтери Израил өкмөтүнүн башчысы Газа тилкесинде эл аралык конвенциялар тарабынан тыюу салынган куралдарды “бүткүл дүйнөнүн көзүнчө” колдонуп жатат деп ырасташат.
Бир нече күн мурда Режеп Тайып Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинин алдындагы брифингде сүйлөп жатып Израилдин премьер-министри тууралуу айткан. Түрк президенти мындан ары маектешим деп эсептебей турганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык мушкер UFC турниринде беттешет

Кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу Абсолюттук мушкерлер чемпионат уюму(UFC)  менен төрт беттешке келишим түзгөн.  Анын биринчи беттеши 18-ноябрда Лас-Вегас шаарында UFC FN Vegas 82 турниринин алкагында Абсолюттук мушкерлер чемпионатында өтөт. Алгачкы беттеште кыргызстандык  мушкер сербиялык спортчу Урош Медич менен күч сынашат. Эске салсак, Мыктыбек Оролбай уулу ММА мушташында 13 беттеш […]

Сизге жагышы мүмкүн