

Түркияда селден жабыркагандардын саны 14кө жетти.
Шанлыурфада 12 адам, дагы экөө коңшулаш Адыяман аймагында көз жумду.
Нөшөрлөгөн жаандан улам бул аймактарда бир нече үйлөрдү суу каптаган. Көпүрөлөр жана жолдор бузулду. Жергиликтүү калк коопсуз аймактарга көчүрүлдү.
Метеорологдордун болжолдоолоруна караганда, аталган аймактарда жаан-чачын уланат.