reklam
reklam
hava 25° Orta
DOLAR 27,1642 % % 0.15
EURO 28,9429 % % 0.1
GRAM ALTIN 1.681,12 % % 0,39
ÇEYREK A. 2.748,63 % % 0,39
BITCOIN 725.514 % 0.005
Соңку кабар
reklam
Google News

Түркияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Son Güncelleme :

14 мая 2023 - 13:14

reklam
Түркияда президенттик шайлоо өтүп жатат
reklam

Бүгүн, 14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат.
Жарандар алдыдагы беш жылда өлкөнү башкара турган президентти жана парламенттин 600 депутатын тандайт.
Жалпысынан республикада жана чет жактарда 191 миң 884 урна орнотулду. Добуш берүү аяктагандан кийин алгач президенттикке талапкерлерге берилген добуштар санала баштайт. 64 миллион түрк жараны добуш берүүгө укуктуу.
Түрк жарандары үч талапкердин бирине добуш бере алат. Азыркы өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган. Алты оппозициялык партиянын коалициялык талапкери жана Республикалык элдик партиянын төрагасы Кемал Кылычдароглу. «Ататүркчүлөрдүн альянсынан» талапкер Синан Оган.
Режеп Тайып Эрдоган жеңсе, бул мөөнөт анын үчүнчү президенттик мөөнөтү болот. Биринчи жолу мамлекет башчынын кызматына 2014-жылдын августунда келген. 2018-жылдын 24-июнунда өлкөдө өткөн президенттик шайлоодо 52,59 пайыз добуш менен бул кызматка кайра шайланган.

reklam