Түмөнбаев кызматтан алынды

Автор

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан 2023-жылдын август айында «Бишкекасфальтсервис» ишканасына подряддык уюмдар менен биргеликте шаардын көчөлөрүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырылган.

Тротуарларды капиталдык оңдоо 21 көчөнү камтуу менен каралган.

Бул ишти 12 подряддык уюм жүргүзөт. Тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча «Бишкекасфальтсервис» ишканасы менен подряддык уюмдардын ортосунда келишим түзүүдө мөөнөт үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин белгиленген.

Бирок, ар кандай себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин бул подряддык уюмдар өз милдеттенмелерин аткарган эмес.

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жетекчилиги тарабынан келишимдик милдеттенмелерин өз убагында аткарбаган подрядчыларга айыптык туумдар кабыл алынат. Тактап айтканда, Лев Толстой көчөсүн Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейинки тротуарды белгиленген мөөнөттө капиталдык оңдоодон өткөрбөй койгон компанияга айыппул салынды.

Бүгүнкү күндө башка подряддык уюмдар боюнча да айыптык санкциялар үчүн материалдар даярдалууда. 15ке жакын кемчилик актылар түзүлгөн жана кыска мөөнөттө жоюу үчүн подряддык уюмдарга берилген.

Мындан тышкары, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын тротуарларды капиталдык оңдоого конкурс өткөрүү бөлүгүндө талдоо жүргүзүүдө айрым мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

Өз кезегинде, муниципалитеттин «кара тизмесине» киргизүү үчүн материалдар даярдалууда, бул тизмеге 8 компания кириши мүмкүн. Тротуарларды курууда тажрыйбасы жок, атайын техникалары жок тендерге катышкан фирмаларга карата КР мыйзамдарына ылайык каражаттарды регресстик тартипте калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт.

Буга байланыштуу «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасына убактылуу тышкы башкаруучу дайындалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Вашингтондун башкы балатысы кулады

Вашингтондун башкы жаңы жылдык балатысын шамал кулатты. Аны АКШнын президенти Жо Байден салтанаттуу түрдө күйгүзмөк. Телеканалдын маалыматы боюнча, Улуттук парк кызматы даракты сактап калуу мүмкүн болору, дарактын абалы азырынча айтыла элек. Антсе да 30-ноябрда Ак үйдүн маңдайында салтанаттуу түрдө жандыруу пландалууда. 12 метрлик балаты Вашингтонго Батыш Вирджиниядан ушул айдын башында алынып келген. […]

Сизге жагышы мүмкүн