Токой өртү көзөмөлгө алынды

Автор

Казакстандын Абай районундагы токой өртү көзөмөлгө алынганын Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Толугу менен жок болгонго чейин очокторду, өрттүн четтерин топурак менен жабуу улантылат.
Булак айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келишкенин Абай районунун акимиаты билдирди. Айылда абал турукташып, бийликтин толук көзөмөлүндө. Акимчиликтин маалыматы боюнча, Булактан 117 адам көчүрүлгөн. Анын 50сү балдар.
8-июнь күнү Абай аймагында токойдо өрт чыгып, 60 миң гектар аянтты каптаган. Өрттөн «Семей Орманы» ишканасынын 14 кызматкери каза болгон. Өрттү өчүрүүгө Казакстандын бардык аймактарынан 1500дөн ашык адам жана техника тартылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеште Туризмди өнүктүрүү агенттигин түзүү сунушталды

Бүгүн, 15-июнда  Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынында депутат Надира Нарматова туризм департаменти менен Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун бириктирүүнү сунуштады. Эл өкүлү  башынан эле бюджети 1 миллиард сом болгон туризмди өнүктүрүүнү колдоо боюнча өзүнчө фонд түзүүгө каршы экенин эске салды. Нарматова департамент менен фондду бириктирип, Туризмди өнүктүрүү агенттигин түзүүнү сунуштады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн