reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1563 % % 0.11
EURO 28,8476 % % -0.2
GRAM ALTIN 1.682,49 % % 0,47
ÇEYREK A. 2.750,88 % % 0,47
BITCOIN 724.625 % -0.967
Соңку кабар
reklam
Google News

Теңгиз Бөлтүрүк айтылгандарды четке какты

Son Güncelleme :

13 марта 2023 - 14:03

reklam
Теңгиз Бөлтүрүк айтылгандарды четке какты
reklam

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  СИЗОсунда жаткан Теңгиз Бөлтүрүк эч кандай кыйноолорго кабылган эмес. Мындай маалымат Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери менен Теңгиз Бөлтүрүктүн жолугушуусунда белгилүү болду. Ал жубайы Илмира Алпыспаеванын билдирүүлөрүн четке какты. Кечээ Илмира Алпыспаева “Назар Ньюс” маалымат агенттигинде пресс жыйын куруп, күйөөсүнүн оң билегинде шишик бар экенин, балким ал кысымга кабылышы мүмкүн экенин божомолдогон. Улуттук борбордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Теңгиз Бөлтүрүк эч кандай кыйноолорго кабылбаганын айтты.

Эскерте кетсек, Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты башкарып турганда мамлекеттик бюджетти 1 млрд сом чыгымга учураткан делип 2022-жылдын 13-сентябрында камакка алынган.

reklam